Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?

Sputnik
Алтын бар жерде күмүш бар дегендей, бул экөө тарыхта дайыма эриш-аркак жүргөн. Күмүштү адамдар акча бирдиги катары колдонушкан. Эгер алтын кымбат, чоң нерселерди сатып алууда жүгүртүлсө, күмүш, дан, азык-түлүк жана башка керектүү заттарды алууда айлантылган. Ошентип күмүш толук кандуу монетардык системанын ажырагыс бир бөлүгү болгон. Кийин кагаз акчасы чыкканда ал бул функциясын жоготуп, өндүрүштө гана колдонулуп калган. Бирок күмүштүн деле дүйнөлүк кору чектелүү. Албетте, алтынга караганда ондогон эсеге көбүрөк, бирок чексиз эмес. Учурда алтындын кору улам азайып, ал эми анын таптакыр белгисиз жаңы кени табыла элек кезде, дүйнөлүк каржы системасы алтынга альтернатив издеп турган учуру жана бул максатка күмүштү чыгаруу сөздөрү жүрүп жатат.
Эгер күмүш мындай жол менен монетардык системага кайтып келе турган болсо анын наркы кескин көтөрүлүшү мүмкүн, дейт бүгүнкү эффирдин коногу экономист Улукман Мамытов.