«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек

Sputnik
Бишкекте «Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынактары өттү. Иш-чара үй-бүлөлүк баалуулуктарды, улуттук каада-салттарды сактоого багытталган. Анын жүрүшүндө катышуучулар кыргыз улуттук каада-салттарын, ошондой эле чыгармачылыгын жана чеберчилигин көрсөтүшкөн. Катышуучулар ошондой эле улуттук аспаптарда элдик ырларды, бийлерди жана музыкалык чыгармаларды аткарышкан. Аталган сынактардын жеңүүчүлөрү Гульнара Джусубакунова жана Курманкул Жумалиев «Стимул» берүүсүндө конок болушту.