Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда

Sputnik
Министрлер кабинетинин пенсиялык топтомдорду төлөө тартибине өзгөртүү киргизүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ Социалдык фонд тарабынан жүргүзүлүүчү төлөмдөрдүн тартибин тактоону сунуштайт. Долбоорго ылайык, пенсиялык топтомдорду алууга укуктуу адамдардын чөйрөсү кеңейтилет: айрым учурларда алуучу катары камсыздандырылган адамдын жубайы да чыга алат. Ошондой эле көп жолку төлөмдөрдүн тартибин өзгөртүү, пенсиялык топтомдорду турак жай максаттарына — ипотекага, үлүштүк курулушка жана мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында кийин сатып алуу шарты менен ижарага алуу үчүн пайдаланууда талап кылынган документтердин тизмесин жаңылоо сунушталууда.
Мындан тышкары, эрежелердин айрым пункттары күчүн жоготту деп табылып, тастыктоочу документтердин жаңы формалары киргизилет. Алардын катарына коммерциялык банктардан, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынан, ошондой эле «ГИК» ААКтан берилген каттар кирет.Ошондой эле жарандардын пенсиялык топтомдорду алуу үчүн кайра кайрылуу тартиби такталат. Бул тууралуу кененирээк бүгүнкү эфирде сөз кылдык.