Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Мындан ары Бишкек көчөлөрүнө кум чачылбай турган болдуӨлкөгө которулган акчанын көлөмү 17,2 пайызга өстүКыргызстан алгачкы ирет суу астында иштеген дронду сыноодон өткөрдүАлдыда кененирээкКыргызстанга которулган акчанын көлөмү өткөн жылдын 11 айында 17,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразиялык өнүктүрүү банкы маалымдады. Буга себепкер, тагыраагы, кошумча фактор катары рублдин долларга карата курсу 2024-жылдын орточо көрсөткүчүнө салыштырмалуу 10,6 пайызга жогорулашын эсептесек болот. Ал доллар менен келген акчанын агымын көбөйттү. Ошол эле учурда 2024-2025-жылдары сомдун долларга карата орточо жылдык курсу бир долларга 87 сом деңгээлинде сакталды. Которулган акчанын арбышы ички соода жаатындагы көлөмдүн да өсүшүнө алып келди. Улуттук банктын маалыматына ылайык, өткөн жылдын 11 айында өлкөгө үч миллиард 223,6 миллион доллар которулган.
Мындан ары Бишкектин көчөлөрүндөгү карды ээритүүдө кум чачылбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечим шаардын экологиясына жана тазалыгына кам көрүү максатында кабыл алынды. Анткени кум менен кар аралашканда жолдор булганат. “Эми шаарды кирдетпеш үчүн кум чачылбайт. Биз эми жолдордогу карды ээритүүдө тузду гана колдонобуз”, - деди ал. Белгилей кетсек, буга чейин калаа башчысы өткөн жуманын аягында жааган кардан улам, шаар тургундарынын жолдордун тазаланбай жатканы боюнча соцтармактардагы сын-пикирлерине жооп берген. Анда ал тазалоо иштеринин да өзүнүн ыкмалары бар экенин айткан.
Ысык-Көл облусунун туристтик милициясы алгачкы ирет суу астында иштеген дрон сатып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Chasing M2 PRO MAX үлгүсүндөгү дрон 200 метр тереңдикке чейин түшүп иштей алат. Бул аппарат көлдүн түбүн көзөмөлдөөгө, мыйзамсыз орнотулган балык торлорун аныктоого жана аларды чыгарууга мүмкүндүк берет.Милициянын билдиришинче, заманбап техниканы колдонуу Ысык-Көлдө экологиялык коопсуздукту күчөтүүгө, мыйзам бузуу фактыларын алдын алууга жана кызматтык иштин сапатын жакшыртууга багытталган. Суу астында иштей турган дрондун жардамы менен Чолпон-Ата шаарында көлдүн түбүндө көптөн бери жаткан балык уулоочу тор табылып, суу бетине чыгарылды.
Владимир Зеленский АКШда америка-украин делегациялары жолуккандан кийин жыйынтыгын билдирбей, жым болду. Мунун себебин Пентагондун жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегор кезектеги ийгиликсиз кадамды моюнга алуудан коркуу деп эсептээрин айткан. "Аягы эмне болду экен деп кулак түрсөк, унчукпайт. Көзгө көрүнөрлүк жыйынтык жок, маселени чечүүнүн жолдору жана так макулдашуулар болгон-болбогону белгисиз... Анда эмне маселе сүйлөшүлгөн? Зеленский, үн катуудан коркуп турасыңбы?" — деп Макгрегор Deep Dive YouTube каналы аркылуу суроо салган. Эксперт мурда Зеленский амеиркалыктар менен жолуккан сайын "кызыктуу шоуларды" жасап, ал тургай маалымат жыйын өткөрүп жибергенин да эске салган. "Негизи муну туура эле деп эсептейм. Зеленский канчалык башын катып унчукпаган сайын, туура маалымат алганга ошончолук оңой болот", — деп эксперт белгилеген.