Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу өнөктүгүнүн убактысы узартылдыБишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты башталдыКаржы, өндүрүшчүлөр жана транспорт тармагы. Кыргызстанда кимдер көп айлык алары айтылды. Алдыда кененирээкЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги экономика тармактары боюнча орточо эмгек акынын өлчөмүн билдирди. Мекеме Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып, эң жогорку орточо айлык акы финансы секторунда — 67 121 сом экенин белгиледи. Өнөр жай тармагындагы көрсөткүчтөр да дээрлик ушул деңгээлде — орточо эмгек акы 66 990 сомду түзөт. Транспорт тармагында кызматкерлер орточо эсеп менен 58 657 сом, курулушта — 57 472 сом алышат. Соода тармагындагы орточо айлык 47 125 сомду, ал эми айыл чарбасында — 33 462 сомду түзөт. Республикалык орточо көрсөткүчтөн төмөн болгон кирешелер тейлөө чөйрөсүндө — 29 679 сом, саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүүдө — 28 082 сом, билим берүү тармагында — 27 054 сом деп катталган. Эң төмөнкү орточо эмгек акы маданият тармагында байкалат — 24 861 сом.
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу белгисиз мөөнөткө узартылды. Бул тууралуу "Унаа" мекемесинин жетекчисинин орун басары Толубай Жакишев билдирди. Анын айтымында, буга чейин акыркы мөөнөт 15-февралга чейин деп белгиленген. "Кечээ бул чектөө алынды. Айдоочулардан шашылбоону суранат элем. Документтер Кыргызстанда басылып чыгарылат, ошондуктан бланктардын тартыштыгы жаралбайт", — деди Жакишев ОшТВге берген маегинде. Ал ошондой эле мөөнөтү чектелбеген айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 083 формасындагы медициналык маалым кат талап кылынбай турганын эскертти.
Бишкекте 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы (U20) хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, турнирдин ачылышында Кыргызстандын жаштар курама командасы менен Гонконг (Кытай) командасынын ортосунда алгачкы беттеш өтүп, жыйынтыгында Кыргызстан курама командасы 4:1 эсебинде жеңишке жеткен. Ачылыш аземи концерттик программа менен коштолуп, андан соң чемпионатка катышып жаткан улуттук курама командалардын салтанаттуу параддык жүрүшү өттү. "Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Казыбек Молдажиев, борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин төрагасы Умбеталы Кыдыралиев, Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин мүчөсү Франц Рейндл, Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов, ошондой эле спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар катышты", – деп айтылат маалыматта.
АКШнын союздаш өлкөлөрүнүн лидерлери Дональд Трампка жагынууга аракет кылышкан, бирок бул аракеттер натыйжа бербей жаткандай сезилип, европалыктардын тынчсыздануусу күчөп баратканы тууралуу Wall Street Journal жазды. “Европа бийликтери толук масштабдуу бөлүнүү Дональд Трамптын НАТО уюмунун ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу жарыясына алып келиши мүмкүн деп кооптонушууда. Мындай кырдаал аларды Вашингтондун катышуусу жок эле өз алдынча аскердик альянс түзүүгө мажбурлайт. Бул төмөн экономикалык өсүш менен күрөшүп жаткан өлкөлөр үчүн кымбатка турат”, — деп айтылат макалада.