ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор

Sputnik
ЕАЭБдин алкагында Ишкердик кеңеши ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү менен алектенет. Кыргызстан үчүн ЕАЭБ ичиндеги негизги тоскоолдуктар техникалык регламенттер жана логистикалык кыйынчылыктар болуп жатат. Мүчө өлкөлөр ортосундагы тоскоолдуктарга каршы бирдиктүү базар түзүлүшү керек. Мындан тышкары ЕАЭБде кооперациялык долбоорлорду түзүү иши активдүү жүрүүдө. Республика өнөр жай жана кайра иштетүү тармактарындагы мүмкүнчүлүктөрү менен бул долбоорлорго катышууга кызыкдар.
Бул тууралуу Кыргыз өнөр жайы жана ишкерлер союзунун президенти ДанилИбраев айтып берди.