Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова менен музейдин ишмердиги, алдыдагы иш-пландары тууралуу маек курдук. Ал музейдин учурдагы абалы, илимий жана тарбиялык миссиясы, ошондой эле өнүгүү багыттары тууралуу айтып берди.Маекте кыргыз тарыхын жана маданий мурастарын сактоого, музей экспозицияларын жаңыртууга жана коноктор менен иштөөнүн заманбап формаларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, коом менен, жаштар менен жана илимий чөйрө менен диалогго негизделгенин белгиледи.
Ошондой эле Жылдыз Бакашова музейди модернизациялоо, эл аралык кызматташууну кеңейтүү жана улуттук тарыхка болгон кызыгууну өлкө ичинде жана сыртта жогорулатуу пландары менен бөлүштү.