Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында студенттерден акча өндүрүү практикасын токтотууну сунуштады. Ведомство бул демилге окуу сабактарын же өндүрүштүк практиканы калтыргандыгы үчүн студентке айып салуу практикасын бардык билим берүү уюмдарында (менчик формасына карабастан) колдонулбашы керек деген позицияны камтый турганын белгилеген. Негизги максат — билим алуучулардын укуктарын коргоо, окуу тартибине карата адилеттүү жана бирдиктүү мамилени камсыз кылуу. "Студенттерге карата каржылык жазанын ордуна академиялык мүнөздөгү альтернативдүү чараларды колдонууну сунуштайбыз", — деди министрлик. Бул демилгени ишке ашыруунун алкагында ведомство жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин демилгелемекчи.
2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 16-январына чейинки мезгил аралыгында 140 264 адам "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Бул тууралуу Улуттук банкттан билдиришти. "Өзүнө-өзү тыюу салуу" – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыя жана кичи-насыяларды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн алдын ала өз ыктыяры менен чектөөчү акысыз кызмат. Бул механизмди киргизүүнүн негизги максаттары алдамчылыктын алдын алуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо. Уурдалган же жасалма маалыматтарды колдонуу менен башка бирөөнүн атына кредит алуунун алдын алуу, карыз тузагына жана талаш-тартыштарга жол бербөө болуп саналат. Ошондой эле өзүнүн кредиттик профилин көзөмөлдөп, каалаган убакта жарандар өзүнүн атына “санарип кулпу” коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары каржылык сактык. Бул жарандарга ойлонулган чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча убакыт берет. Механизм тыюу салуу жана аны кайра алуу менен иштейт. Жарандар Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу каалаган убакта өз алдынча жана акысыз түрдө тыюу салып, же аны кайра алып сала алат.
Ысык-Көлдө кыргоолдун саны көбөйүүдө. Аларга аңчылык кылгандарга чара күчөтүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдирди.Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар күчөтүлүп, жаныбарга зыян келтиргендерге жоопкерчилик катуулатылды. Күзгү санакта Ак-Суу районунда 1200гө жакын кыргоол катталганын, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы көрсөткүч болуп эсептелерин айтышты.
Трамп өзү түзгөн “Тынчтык кеңешине” туруктуу мүчө болуу үчүн өлкөлөр 1 млрд доллар төлөшүн каалоодо. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, аталган кеңештин төрагасы Трамп өзү болот. Өлкөлөр үч жыл мүчө боло алат, андан ары мөөнөт үчүн акы төлөнөт. Чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, бирок соңунда уюмдун төрагасы аны бекитиши керек. АКШ аталган кеңешке мүчө болууну бир нече Европа өлкөлөрүнө жана Бразилияга сунуштаганы маалымдалды. Bloomberg басылмасы билдиргендей, адистер АКШ президенти а