БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Европанын бир катар өлкөлөрү үчүн бажы төлөмдөрүн жогорулатарын жар салды. Бул тууралуу ал соцтармагы аркылуу кабарлаганын РИА Новости жазды.
Өлкө лидеринин айтымында, буга аталган мамлекеттердин Гренландия боюнча позициясы себеп.
Трамптын билдирүүсүнүн урунттуу жерлери:
1-февралдан тарта Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар жана Финляндия үчүн бажы төлөмдөрү 10 пайызга чейин жогорулайт, ал эми 1-июндан тарта 25 пайызга чейин көтөрүлөт. Алар Гренландия маселесинде өтө кооптуу оюн ойношууда;
“Алтын купол” ракетадан коргонуу системасы (ПРО) Гренландия АКШга кошулганда гана натыйжалуу иштейт;
АКШ көп жылдар бою Дания менен ЕБ өлкөлөрүнөн бажы төлөмдөрүн албай субсидиялап келген;
АКШ Гренландиянын макамын аныктоо үчүн Дания жана башка каалаган өлкөлөр менен дароо сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр.
Трамптын Гренландия боюнча планы
АКШ президенти экинчи мөөнөткө шайланып кызматына киришкенден тарта Гренландия Американын бир бөлүгү болушу керектигин айтып келет. Ал эми Венесуэладагы аскердик операциядан кийин бул тууралуу ачык билдирип калды. Трамп Дания Падышалыгынын курамындагы жакшы корголбогон бул аралдын айланасында Россия менен Кытайдын суу алдында жүрүүчү кемелери бар деген пикирде.
Мындай чечим Гренландиянын өзүндө да катуу сынга кабылган, тургундардын көбү, өлкө бийлиги да АКШга кошулууга каршы. Демилгени Европа да колдогон эмес.