Курулуш министрлиги “Аалам строй” компаниясына 3 млн. сом айып салды

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. “Аалам строй” курулуш компаниясына 3 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаевдин катышуусу менен Анкара көчөсүндөгү турак жай комплекси текшерилген. Анын жүрүшүндө 10дон ашуун блокто көп сандаган курулуш мыйзамдарынын бузулганы аныкталды. Тактап айтканда, үлүшчүлөргө айрым блоктор мыйзамсыз берилген.
Курулуш иштери убактылуу токтотулуп, комиссия компаниянын лицензиясын токтотуу маселесин карап чыгат. Мындан тышкары, министр курулуштун сапатын текшерүүнү тапшырды.
Орунтаев: МИК үйлөрүнүн сапатынан күмөн санабаш керек