Былтыр он айда Кыргызстанга 112,5 миң жеңил автоунаа алып келинген

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Былтыркы жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанга 112,5 миң жеңил автоунаа ташылып кирген. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалымтында айтылат.
Аталган көлөмдүн үчтөн эки бөлүгүнөн көбүрөөгү, же 87 миң машина Корея менен Кытайга туура кетет. Жалпысынан автоунаа 55 мамлекеттен, анын ичинде Таиланд, Болгария жана ТАРдан ташылган.
2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкөгө кирген машинанын саны дээрлик өзгөргөн эмес.
Кыргызстан былтыр канча газ импорттогону айтылды