Каллас: АКШ менен Европанын аразы НАТОну Киевге жардам көрсөтүүдөн алагды кылууда

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Евродипломатиянын башчысы Кая Каллас Гренландиянын айланасындагы чыр НАТОну Украинага жардам көрсөтүүдөн алагды кылып жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Эгер Гренландиянын коопсуздугу коркунучта болсо, бул көйгөйдү НАТОнун ичинде чече алабыз. Талашыбыз бизди негизги маселеден алагды кылуусуна жол бере албайбыз”, — деди ал.
Ошону менен бирге Каллас Гренландиянын айланасындагы пикир келишпестиктен АКШ да, Европа да жабыр тартарын белгилеген.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп ишемби күнү 1-февралдан тарта Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар жана Финляндия үчүн бажы төлөмдөрү 10 пайызга, ал эми 1-июндан тарта 25 пайызга чейин көтөрүлөрүн жар салган. Буга алардын Гренландиянын АКШга кошулушуна каршы позициясы себеп. Демилге АКШ аралды сатып алганга чейин күчүндө болмокчу.
Гренландия Дания Падышалыгынын курамында. Деген менен Трамп арал АКШнын бир бөлүгү болушу керектигин айтып-деп келет. Дания менен Гренландиянын бийлиги аралды басып алуудан этият болууну эскертип, Вашингтон алардын аймактык бүтүндүгүнө сый-урмат менен мамиле жасайт деп үмүттөнүүдө.
АКШ бизге союздаш эмес. Франция НАТОдон чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат