Эксперт: Гренландия АКШга кошулуп калса, дүйнөнү дүң кылган окуя болот

Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Гренландия АКШга кошулуп кала турган болсо, дүйнөнү дүң кылган окуя болуп, президент Дональд Тармптын аты тарыхта калат. Мындай пикири менен “Национальная оборона” журналынын редактору Игорь Коротченко Sputnik Ближнее зарубежье каналынан бөлүшкөн.
Эксперт деген менен аралдын кошулушун Луизиананы сатып алуу менен салыштырууга болбой турганын белгилеген.

“Азыр XXI кылым, реалдуулук таптакыр башка. Эгер Трамп Гренландияны кошуп ала алса, бул дүйнөлүк масштабдагы шумдуктуу окуя болот. Мындай кадамдын ишке ашып кетиши мүмкүн экенинин өзү да акылга көп сыя бербейт”, — деген Коротченко.

Анын айтымында, Гренландияны кошуп алуу аракетин АКШ менен Кытайдын тиреши катары кароого болот. Эксперт Америка №1 экономикалык держава деген макамынан ажырап бара жатканын, Трамптын бардык демилгесин глобалдуу атаандаштыктын деңгээлинен туруп кароо керектигин белгилеген.
Трамптын Гренландия боюнча планы
АКШ президенти экинчи мөөнөткө шайланып кызматына киришкенден тарта Гренландия Американын бир бөлүгү болушу керектигин айтып келет. Ал эми Венесуэладагы аскердик операциядан кийин бул тууралуу ачык билдирип калды. Трамп Дания Падышалыгынын курамындагы жакшы корголбогон бул аралдын айланасында Россия менен Кытайдын суу алдында жүрүүчү кемелери бар деген пикирде.
Мындай чечим Гренландиянын өзүндө да катуу сынга кабылган, тургундардын көбү, өлкө бийлиги да АКШга кошулууга каршы. Демилгени Европа да колдогон эмес.
Трамп Европанын бир катар өлкөлөрү үчүн бажы төлөмдөрүн жогорулатарын жар салды