БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Европа биримдиги АКШ эгер Гренландияны басып ала турган болсо аймактагы аскер базаларын жок кылуу менен коркутушу ыктымал. Бул тууралуу британиялык The Economist журналы жазды.
“Европа мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү Арктикада кандай гана операциялар жүргүзүлбөсүн, коопсуздук кепилдиги катары базалардын иштешин колдойт. Айрымдары аларды жок кылуу опузасын америкалыктарга басым катары пайдаланууну көздөп жатат. Рамштайн сыяктуу Европада жайгашкан базаларсыз АКШ Африка менен Жакынкы Чыгышка аскер күчүн көрсөтө албайт”, — деп жазган басылма.
Макалада Европа позициясын катаалдаштырып, Американын технологиялык компанияларын бутага ала алары белгиленген.
“Бирок мындай жагдайда коргонууга каражатты кыйла көбөйтүү керек болот. Жаңы ачылган соода согушу бюджеттерге олутуу зыянын тийгизет”, — деген журнал.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп ишемби күнү 1-февралдан тарта Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар жана Финляндия үчүн бажы төлөмдөрү 10 пайызга, ал эми 1-июндан тарта 25 пайызга чейин көтөрүлөрүн жар салган. Буга алардын Гренландиянын АКШга кошулушуна каршы позициясы себеп. Демилге АКШ аралды сатып алганга чейин күчүндө болмокчу.
Гренландия Дания Падышалыгынын курамында. Деген менен Трамп арал АКШнын бир бөлүгү болушу керектигин айтып-деп келет. Дания менен Гренландиянын бийлиги аралды басып алуудан этият болууну эскертип, Вашингтон алардын аймактык бүтүндүгүнө сый-урмат менен мамиле жасайт деп үмүттөнүүдө.