Ысык-Көлдө курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” курортунда фрирайд боюнча мелдеш өткөнүн уюштуруучулар билдирди.
Турнир 15-16-17-январь аралыгында болуп, фрирайдерлер тоо боорунда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мелдеште аныкталган жеңүүчүлөр фрирайд боюнча эл аралык мелдештерге катышууга лицензия алышат.
Максат — Кыргызстанды эл аралык кышкы туризм багыты катары жайылтуу жана мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү. Ошондой эле экстремалдык спортту өнүктүрүү, эл аралык жана жергиликтүү спортчулар үчүн тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналат.
“Катышуучулар калың карлуу жана тик болгон тоонун бетинде так, лыжаны ишенимдүү башкаруу менен бирге ылдамдыкты көзөмөлдөп, тең салмактуулукту сакташы керек. Айрым катышуучулар айланма элементтерди да көрсөтүшү мүмкүн. Фрирайдда жеңишке жетиш үчүн бир гана ылдамдык эмес, тактык, коопсуздук да талап кылынат. Спортчу тандаган багыт татаал, кызыктуу жана логикалуу болушу керек. Татаал аймактардан табигый элементтер туура колдонулса упай жогорулап, калыстар спортчунун тажрыйбасын толук баалашат”, — деп айтылат маалымат.
Фрирайд — кары тапталбаган жерде лыжа, сноуборд тебүү.