БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет 26-январга чейин өлкөдө аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат жарыялады.
Анда синоптиктер бул апта дагы өлкө боюнча жаан-чачындуу болорун, сууктун күчү да бир жума ичинде кайтпай турганын болжошкон. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас облусу
Региондо 20-январдан тартып күндүн көзү бузулуп, көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Аптанын соңунда жаан-чачын токтоп, күндүн көзү ачылат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Дүйшөмбү түнү жаан-чачын башталып, айрым жерлерде туман да түшөт. Кийинки суткада кар басаңдаганы менен айрым аймактарда жаап, кайра токтоп турат. Анткен менен ишембиден баштап күн ачылып калат.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Айрым аймактарда төрт күн катары менен кар жаашы күтүлөт. Жуманын этегинде гана жаан-чачын токтоп, күн ачылат.