19-январга карата аба ырайы

19-январда өлкө аймактарында туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз республиканын айрым жерлеринде кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Талас облусунда -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -2…+3, Ысык-Көл жергесинде -4…+1, Нарын өрөөнүндө -9…-14 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте -4…-6, Ош шаарында 0…2 градусту көрсөтөт.
Кар жаап, суук болот. Алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолу