Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрдү. Министрлер кабинетинин токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Документке ылайык: чет өлкөлүктөр эми визасыз 30 күнгө чейин жүрө алышат. Ар 60 күндө кайра кирүү мүмкүн. Өзбекстандын жарандары үчүн өзүнчө тартип каралган: алар 120 күн өткөрүп 60 күнгө чейин уруксат кагаздарысыз жүрө алышат; БУУнун кызыл паспортунун ээлери үчүн визасыз жүрүү мөөнөтү 60 күндү түзөт. Ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары, Сербия, Түркия, Украина, Монголия ошондой эле Сауд Арабиясы, БАЭ, Катар, Кувейт, Оман, Бахрейн өлкөлөрүнүн жарандары үчүн мурдагы тартип калтырылды.
Ысык-Көлдө курулуп жаткан “Ала-Тоо Резорт” курортунда фрирайд боюнча мелдеш өткөнүн уюштуруучулар билдирди. Турнир 15-16-17-январь аралыгында болуп, фрирайдерлер тоо боорунда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мелдеште аныкталган жеңүүчүлөр фрирайд боюнча эл аралык мелдештерге катышууга лицензия алышат. Максат — Кыргызстанды эл аралык кышкы туризм багыты катары жайылтуу жана мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү. Ошондой эле экстремалдык спортту өнүктүрүү, эл аралык жана жергиликтүү спортчулар үчүн тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналат. “Катышуучулар калың карлуу жана тик болгон тоонун бетинде так, лыжаны ишенимдүү башкаруу менен бирге ылдамдыкты көзөмөлдөп, тең салмактуулукту сакташы керек. Айрым катышуучулар айланма элементтерди да көрсөтүшү мүмкүн. Фрирайдда жеңишке жетиш үчүн бир гана ылдамдык эмес, тактык, коопсуздук да талап кылынат. Спортчу тандаган багыт татаал, кызыктуу жана логикалуу болушу керек. Татаал аймактардан табигый элементтер туура колдонулса упай жогорулап, калыстар спортчунун тажрыйбасын толук баалашат”, — деп айтылат маалымат. Фрирайд — кары тапталбаган жерде лыжа, сноуборд тебүү дегенди билдирет.
Гренландиянын тиешелүүлүгү боюнча маселеде Россиянын Данияны колдоп чыгышы Москваны сындап жаткандарды чаташтырып жиберди. Бул тууралуу британиялык аскер аналитиги Александр Меркурис өзүнүн YouTube каналынан билдиргенин РИА Новости жазды. “Европанын буга түйшөлүп турганы айдан ачык. Ал жактагылар АКШ менен мамилесин сактап калуу үчүн Гренландияны курмандыкка чалууга даяр болуп калган кезде Россия Даниянын аймактык бүтүндүгүн колдоп, эл аралык укукту коргоп чыкты. Мындай позиция көптөрдүн башын айлантууда”, — деди эксперт. Аналиктин айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп ушу тапта Гренландияны кошуп алууну биротоло чечип, эми аны оюнан эч ким кайттыра албайт сыяктуу.