Бишкектен "Манас" эл аралык аэропортуна чейин альтернативдүү унаа жол курула турганын Транспорт министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, төрт тилкелүү жолдун узундугу 17 чакырымды түзөт. Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен баштала турган жолдо жарыктандыруу, жашылдандыруу болот. Бүгүн минкаб башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев долбоор менен таанышты. Мындан тышкары, Чүй облусундагы Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 чакырым эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралууда.
“Аалам Строй” курулуш компаниясына 3 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаевдин катышуусу менен Анкара көчөсүндөгү турак жай комплекси текшерилген. Анын жүрүшүндө 10дон ашуун блокто көп сандаган курулуш мыйзамдарынын бузулганы аныкталды. Тактап айтканда, үлүшчүлөргө айрым блоктор мыйзамсыз берилген. Курулуш иштери убактылуу токтотулуп, комиссия компаниянын лицензиясын токтотуу маселесин карап чыгат. Мындан тышкары, министр курулуштун сапатын текшерүүнү тапшырды.
Манас шаарында жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында “Түнкү өспүрүм” профилактикалык рейди өткөрүлдү. Мэриядан билдиришкендей, рейдге мэриянын, социалдык камсыздоо башкармалыгынын, милициянын тиешелүү кызматкерлери жана аймак башчылары катышты Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу камкорчусунун коштоосу жок көчөдө, оюн-зоок жайларда жана коомдук тамактануучу жайларда жүргөн 40 жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине жана камкорчуларына тиешелүү протоколдор түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди. Мындай рейддер жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо максатында мындан ары да улантылат.
АКШ президенти Дональд Трамп Европанын бир катар өлкөлөрү үчүн бажы төлөмдөрүн жогорулатарын жар салды. Бул тууралуу ал соцтармагы аркылуу кабарлаганын РИА Новости жазды. Өлкө лидеринин айтымында, буга аталган мамлекеттердин Гренландия боюнча позициясы себеп. Трамптын билдирүүсүнүн урунттуу жерлери: 1-февралдан тарта Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар жана Финляндия үчүн бажы төлөмдөрү 10 пайызга чейин жогорулайт, ал эми 1-июндан тарта 25 пайызга чейин көтөрүлөт. Алар Гренландия маселесинде өтө кооптуу оюн ойношууда; “Алтын купол” ракетадан коргонуу системасы Гренландия АКШга кошулганда гана натыйжалуу иштейт; АКШ көп жылдар бою Дания менен ЕБ өлкөлөрүнөн бажы төлөмдөрүн албай субсидиялап келген; АКШ Гренландиянын макамын аныктоо үчүн Дания жана башка каалаган өлкөлөр менен дароо сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр.АКШ президенти экинчи мөөнөткө шайланып кызматына киришкенден тарта Гренландия Американын бир бөлүгү болушу керектигин айтып келет. Ал эми Венесуэладагы аскердик операциядан кийин бул тууралуу ачык билдирип калды.