Путин: Россияда учкучсуз системаларды колдонууну 10 эсеге көбөйтүү зарыл

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Учкучсуз системаларды колдонуунун көлөмүн 10 эсеге көбөйтүп, аларды пайдаланууга негизделген бизнес-процесстерди түзүү зарыл. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин РФте учкучсуз жана автономдуу системаларды өнүктүрүү маселесине арналган жыйында айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
Жыйындын жыйынтыгында президент бул багытта бир катар тапшырмаларды берди.
Путиндин айтымында, учкучсуз системалар жогорку квалификацияны талап кылбаган жана кооптуу жумуштарды өзүнө алышы керек.
"Учкучсуз аппараттарды турмушка киргизүү — бул мода эмес, зарылдык. Бул биздин өлкөнүн глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган жол. Ошону менен катар, эмгек рыногундагы тартыштык жана демографиялык көйгөйлөр шартында социалдык-экономикалык маселелерди чечүүнүн да бир жолу. Коопсуздукту камсыз кылуу, жыйынтыгында, Россиянын көз карандысыздыгын бекемдейт”, — деди Путин.
Батыш, балдардын төрөлүшү, согуштун соңу. Путиндин жыйында айткандарынын тезиси