Ошто хирургдар эки жашар бөбөктүн ичегисинен 17 магнитти алышты

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ошто дарыгерлер эки жашар бөбөктүн ичегисинен 17 даана магнит шарын алышты. Бул тууралуу Облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, бала үч күн бою улам-улам кусуп жаткандыгына байланыштуу аны райондук ооруканага алып келишкен. Рентген менен текшеришкенде ичегисинен тизилген бир нече бөтөн зат аныкталган.
Облустук ооруканага жеткирилгенден кийин хирургдар бейтапка шашылыш операция жасап, андагы 17 даана магнит толугу менен алынган.
Учурда бөбөктүн абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

“Магниттик оюнчуктар балдар үчүн өтө кооптуу. Бир нече магнит жутулганда алар ичегиде бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге жана операцияга чейин алып келиши мүмкүн. Майда бөлүктөрү бар, магнити бар оюнчуктарды балдардын колуна бербеңиздер жана оюн учурунда көзөмөлсүз калтырбаңыздар”, — деп жазылган маалыматта.

Бишкекте 8 жаштагы баланын ашказанынан 10 сомдук монета чыгарылды