"Манас" эл аралык аэропортуна барчу альтернативдүү унаа жол курулат

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектен "Манас" эл аралык аэропортуна чейин альтернативдүү унаа жол курула турганын Транспорт министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, төрт тилкелүү жолдун узундугу 17 чакырымды түзөт. Бишкектин түндүк айланма жолу менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен баштала турган жолдо жарыктандыруу, жашылдандыруу болот.
Бүгүн минкаб башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев долбоор менен таанышты.
Мындан тышкары, Чүй облусундагы Мраморное айылынан Виноградное айылына чейин узундугу 8,7 чакырым эки тилкелүү жол жана көпүрө куруу каралууда.
Зардалыга бара турган жол жакында пайдаланууга берилет. Видео