БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы карды тазалоо үчүн 105 даана техника колдонулуп, "Тазалык" муниципалдык кызматынын жумушчулары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Мэриянын маалыматы боюнча, шаарды кардан тазалоо жана жолдун тайгак болушун алдын алуу үчүн каражаттарды себүүгө 51 даана МАЗ, күрөгү бар төрт HOWO, 34 трактор, беш жирегич жана 11 жүктөгүч тартылган.
Мэр Айбек Жунушалиев шаар аймагын кыдырып, учурдагы абал менен таанышкан.
"Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн көчөлөр таза жана коопсуз болушу керек. Бардык кызматтар үзгүлтүксүз иштеши зарыл", – деген ал.
Шаар мэриясы жашоочуларды жолдо этият болууга жана коммуналдык кызматтардын ишине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.