БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкекте курчоодогу Ленинградды коргоп курман болгон жоокерлер жана шаар тургундары эскерилди. Бул тууралуу Бишкек жана Кыргызстан епарихиясы маалымдады.
Эскерүүдө епискоб Савватий блокада жана согуш жылдарында ар улуттагы адамдарды орток кайгы бириктиргенин эске салды. Ал Ленинградга жардам көрсөтүүдө кыргызстандыктардын салымы баа жеткис болгонун белгилеп, блокададан куткарылган 150 баланы багып алган Токтогон Алтыбасарованы мисал кылды.
Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов эскерүү иш-чарасы 15-жолу өткөрүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө 11 блокадачы калган, алардын үчөө — Галина Тольская, Шамиль Мухаммеджанов жана Тамара Омурбекова иш-чарага катышкан.
“Биз муну эч качан унутпашыбыз керек. Тарыхты кайра жазууга жол бербешибиз зарыл”, — деди Кутанов.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө тынчтык мезгилинде көз жумган блокадачылар коомунун мүчөлөрү да эскерилди.
Айта кетсек, Ленинград үчүн болгон айыгышкан салгылашууларда 4,5 миңден ашуун кыргызстандык курман болгон. Согуш жылдарында курчоодогу шаардан Кыргыз ССРине 16 миңден ашуун адам эвакуацияланган, алардын ичинде 3,5 миң бала болгон.