АКШ бизге союздаш эмес. Франция НАТОдон чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Батыш коалициясынын ичиндеги мамилелер курчуп, айрым НАТО мүчөлөрү Украина боюнча тынчтыкты жөнгө салуу процессин бөгөттөп жаткан шартта Франциянын Түндүк Атлантика альянсынан чыгып кетүүсүнө реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болууда. Бул тууралуу Berliner Zeitung басылмасына шилтеме жасап РИА Новсти жазды.
Макалада белгиленгендей, Францияда алгач ирет парламентке НАТОдон чыгууга чакырган мыйзам долбоор киргизилди.
“Көптөн бери ишке ашпаган саясий кыял катары каралып келген нерсе күтүүсүздөн реалдуу мүмкүнчүлүккө айланды”, — деп жазат басылма.
Долбоордун демилгечиси, депутат Клеманс Геттенин айтымында, мындай кадам АКШнын ачык империялык саясатка кайтуу тууралуу чечимине байланыштуу зарыл болуп жатат.
Ошондой эле макалада Париждин НАТОдон чыгышы Францияга Украина боюнча тынчтык жараянын өз алдынча аныктоого мүмкүнчүлүк берери айтылат. Азыркы тапта бул процесс альянстын айрым мүчөлөрүнүн ачык антироссиялык позициясынан улам жай жүрүп жатат.
“Батыш лагери жана анын “менменсинген көз караштары” менен ажырымга баруу, көз карандысыз позицияны тандоо Франциянын таасирин күчөтүп, тынчтык аракеттерин бекемдейт”, — деп жыйынтыкталат макала.
Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон НАТОнун келечегинен күмөн саноолорун билдирген. Ал эми жакында эле альянстын мурдагы башкы катчысы Йенс Столтенберг да Европадагы өнөктөштөрү менен пикир келишпестиктерден улам АКШ НАТОдон чыгышы мүмкүн экенин кыйыткан.
Дания ТИМи: АКШнын Гренландияга кириши менен НАТОнун мааниси жоголот