БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жекшембиде республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Талас облусунда 0…-5;
Чүй облусунда -1…-6;
Ысык-Көл чөлкөмүндө -3…+2;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -1…+4;
Нарын өрөөнүндө -9…-14 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -4…-6, Ош шаарында 2…4 градусту түзөт.