Захарова: Соловьевдун кеби Россиянын расмий позициясын билдирбейт

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Соловьевдун жакынкы чет мамлекеттер тууралуу айткан кеби анын жеке пикири болуп саналат жана Россиянын расмий позициясын билдирбейт. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Ал журналисттин сөзү жеке каналда суроо катары жаңырганын белгиледи.
"Биздин мамлекетти Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия менен коңшулаштык жана боордош элдик мамилелер байланыштырып турат", — деген ал.
Буга чейин Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Соловьёвдун билдирүүсү достук мамиледеги мамлекеттердин жарандары арасында түшүнбөстүк жаратканын белгилеген.
Анын айтымында, Россия менен Кыргызстандын, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки жана көп тараптуу байланыш эң жогорку деңгээлде түзүлгөн. Муну ар кандай деңгээлдеги өз ара визиттер жана КМШ, ЕАЭБ, ШКУ сыяктуу уюмдардын алкагындагы кызматташуулар тастыктап турарын кошумчалаган.
Элчи РФ аэропортторунда ЕАЭБ жарандары үчүн өзүнчө коридор ачууну сунуштады