БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети үлпөт, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Анда документ жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү тартипке келтирип, ысырапкерчиликке жол бербөөнү көздөй турганы айтылган.
Эске ала турган жагдайлар:
салтанаттар жаштар менен ата-энелердин материалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша уюштурулуп, карыз же насыя алууга жол берилбейт. Конокторду 200 адамдан ашырбоо, тойду бир күндө өткөрүү, кошумча этаптарды жана чыгымдуу иш-чараларды уюштурбоо, ашыкча тамак-аш даярдоого жол бербөө, бир бодо союу менен чектелүү сунушталат;
уятсыз, орой тамашалар, байлыкты демонстрациялоо жана атаандаштык, үчтөн ашык унаадан турган кортеж, фейерверк жана ашыкча шоу-программаларга тыюу салынат;
кымбат белектерге мажбурлоо, "кийит кийгизүү", "себет берүү", "түштөнтүү" сыяктуу ысырапкерчилик салттарга жол берилбейт;
сөөк коюла турган күнү мал союлбайт, катышуучулардын саны чектелбейт;
жылдык өткөрүү милдеттүү эмес, ыктыярдуу болот. Кийинки эскерүүлөрдө майда жандык же бир бодо союуга уруксат. Жөнөкөй дасторкон даярдалып, жакын туугандар гана чакырылышы шарт.
Өткөн жылы да ушундай өңүттөгү долбоор сунушталып, анда той-аштарды көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, шаар мэрияларында каада-салт, үрп-адатты жана майрамдарды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү комиссиялар түзүлөрү айтылган.