БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Күрөөкана ээси элге жогорку пайыз менен акча берип, төлөй албай калгандардын мал-мүлкүн ишенимдүү адамдарына өткөрүп алган. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта С.М.А. киреше табуу үчүн Бишкектин аймагында мыйзамсыз негизде күрөөкана иштетип, кардарлардын турак жайларын, жер тилкелерин жана коммерциялык мүлктөрүн өзүнө тиешелүү нотариустардын жардамы менен тартып алганы белгиленген.
Кийинчерээк анын ишенимдүү адамдары аныкталып, аларга көп сандагы мүлк катталганы да маалым болгон. С.М.А. Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.