Бишкекте окуучуга кол көтөргөн мугалим кечирим сурады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкекте сабак учурунда окуучуну урган мугалим кечирим сурады. Бул тууралуу Свердлов РИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, педагог милицияга жеткирилген. Ал теманы бир нече жолу түшүндүргөнүнө карабай бала суроолорго жооп бере албагандыктан ачууланып, аны урганын мойнуна алган.
“Баланын ата-энеси арыз жазуудан баш тартып, мугалимге дооматы жок экенин билдиришти”, — деди райондук милиция.
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги №87 мектептин мугалими окуучуга бир нече жолу кол көтөргөн видео тараган. Вице-мэр Виктория Мозгачева бул окуя боюнча иш жүргүзүп жатышканын айтса, Свердлов РИИБ ишти териштирип жатканын маалымдаган.
Окуучуларды сүздү деп айыпталган айдоочу мас болуп кайра кармалды