БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ирандын президенти өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн өлкө бийлиги кандай чараларды көрүп жатканы тууралуу маалымат берген.
"Эки өлкө Ирандагы жана жалпы аймактагы чыңалууну мүмкүн болушунча тезирээк басаңдатууну көздөйт. Маселени саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулган орток позицияны карманышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Тараптар Россия-Иран ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдиришип, экономикалык долбоорлорду чогуу ишке ашырууга даяр экенин ырасташкан.
Эске салсак, өткөн жылдын аягында Иранда улуттук валютанын куну түшкөндөн улам нааразылык акциялары башталып, кийин ал массалык башаламандыктарга жана бийликке каршы акцияларга айланган. Чыңалуунун күчөгөн чеги Ирандын тактан кулатылган шахынын уулу Реза Пехлевинин чакырыктарынан кийин байкалган. Өлкөдө интернет өчүрүлүп, нааразычылык акцияларына катышкандар менен укук коргоо кызматкерлеринин арасында курман болгондор бар экени тууралуу маалыматтар чыккан. 12-январда расмий Тегеран кырдаалды көзөмөлгө алганын билдирген.
АКШ президенти Дональд Трамп нааразычылык акцияларына катышкандарды колдой турганын айтып, Иранга карата абадан сокку уруп, андан башка да кадамдарга бара турганын кыйыткан. Тегеран бул билдирүүлөрдү өлкөнүн эгемендигине коркунуч катары баалоодо.