ЖМК: Европа Москва менен байланышты жөндөө маселесинде бөлүнүп-жарыла баштады

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Европанын Россия менен түз байланыштарды калыбына келтирүү боюнча баштаган аракети Улуу Британияга жакпай, каршылык жасалды. Бул туурасында Politico гезити жазып, мындай нерсе Батыш коалициясында дипломатиялык ажырым бар экенин көрсөткөнүн белгиледи.
"Европа Россиянын президенти Владимир Путин менен түз сүйлөшүү жүргүзүүнү кайра башташы керекпи деген маселеде Улуу Британиянын аймакташы Франция, Италия менен пикири келишпей калды. Британиянын тышкы иштер министри Иветт Купер европалык союздаштар Путин менен дипломатиялык байланышты кайра калыбына келтирүү маселесин карап чыгышы керек деген сунуштарын четке какты", — деп айтылат материалда.
Бул Париж менен Римдин Украинадагы согушту токтотуу аракеттеринин алкагында болчу иштер эле.
Макалада Европада Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселесинде өздөрүн экинчи планга жылдырып жаткандай кооптонуулар буга чейин эле пайда болгону белгиленет. Ошол эле учурда, маалыматка караганда, Лондон азыркыга чейин эле жаңжал кандай шартта аякташы керек деген нерсени дал Киев менен европалык мамлекеттер аныктайт деп эсептейт.
"Министрдин айтымында, учурда дипломатиялык аракеттердин негизги борбору Украинада жана аталган өлкөнүн эң жакын колдоочуларында болууда. Анын сөзүнө караганда, Москвага болгон санкциялар жана Киевге көрсөтүлүп жаткан аскердик колдоо аркылуу күчөтүлүшү керек", — деп айтылат анда.
Брюссель менен Вашингтондун суук селки мамилесинен улам европалык саясатчылар Москва менен мамилени жакшыртуу темасына кайрыла башташты.
Бир күн мурда Германиянын канцлери Фридрих Мерц Россия менен болгон мамиледеги тең салмакты калыбына келтирүүгө үмүт артканын билдирип, аны Европанын эң ири коңшусу деп атады. Саясатчынын айтымында, өз ара алаканын кайра жанданышы Германия жана жалпы Европа үчүн оор сыноонун аякташынан кабар берет.
Буга чейин Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Россиянын лидери Батыштагы кесиптештери менен байланышты жандандырууга даяр экендигин билдирген. Муну менен катар алардын маеги, сүйлөшүүсү бири-бирине акыл үйрөтүү эмес, позицияларды түшүнүүгө жасалган аракет болууга тийиштигин белгилеген.
Путин: Украинадагы жаңжал канчалык тез чечилсе, ошончолук жакшы болот