Бишкекте чыккан өрттөн чет элдик жигит каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы жатаканалардын биринде өрт чыгып, анын кесепетинен 22 жаштагы чет элдик жаран көз жумду. Бул туурасында ӨКМ билдирди.
Кырсык Хива көчөсүндө бүгүн эртең менен болуп, 20 чарчы метр жер өрттөнгөн.
Милиция окуянын себебин иликтөөгө киришип, экспертизалар дайындалды.
Бишкектеги карылар үйүндөгү өрт жана адам өлүмүнөн улам иш козголду