БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ирандагы окуялар түстүү ыңкылаптардын кезектеги мисалы экенин Россиянын БУУдагы атайын өкүлү Василий Небензя айтты.
"Иранда болуп жаткан окуялар — сыналган түстүү ыңкылаптардын уюштурулушунун кезектеги мисалы. Үйрөтүлгөн, куралданган атайын чагымчылар тынчтык акцияларын талап-тоноочулукка, агрессияга, коомдук мүлктү жок кылууга жана тартип сакчыларын өлтүргөн кандуу кагылышка айландырат", — деди Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин Иранга арналган отурумунда.
Ирандагы жапырт нааразылык 2025-жылдын декабрында улуттук валюта риалдын девальвациясынан кийин башталып, башаламандыкка чейин өсүп кеткен. 1979-жылы тактан кулатылган Иран шахынын уулу Реза Пехлевинин чакырыгынан соң өлкөдө каршылык акциялары күчөгөн. Эки тараптан тең өлгөн адамдардын саны жарым миңге чукулдап барганы кабарланды. Расмий Тегеран саясий олку-солкулукка АКШ менен Израиль катышканын билдирип, 12-январда кырдаал жөнгө салынганын билдирди.