БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. 11-февралдан тарта алкоголь жана тамекинин экспорт-импортунда ЕАЭБдин навигациялык пломбалары милдеттүү колдонулары маалым болду.
Аталган ведомство ишкерлер менен жыйын өткөрүп, жүк ташууларды көзөмөлдөө тутумун, товарларды экспорттоо жана импорттоодо электрондук пломбаларды колдонуу тартибин кеңири түшүндүрүп беришти.
"Автоунааларды навигациялык пломбалоонун негизги максаты — декларацияланган товарлардын сакталышын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу. Бул мамлекеттик чек арадан өтүүнү тездетүүгө жана бизнестин жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет", — деди Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков.
Быйыл 11-февралдан тарта ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында товарлар навигациялык пломбалардын жардамы менен туруктуу көзөмөлдүн алдында ташылмакчы. Бул ЕАЭБдин "акылдуу" пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуусуна жана Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине ылайык ишке ашат.
Көзөмөл автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу ташылуучу алкоголь продукциясына, тамекиге жана тамеки буюмдарына карата колдонулат.
Навигациялык пломба — жүктөрдү ташууда колдонулган электрондук көзөмөл каражаты. Ал кадимки пломба сыяктуу жүктү мөөрлөп, кайда бара жатканын жана ачылган-ачылбаганын автоматтык түрдө көзөмөлдөйт.