БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкектеги №87 мектептин мугалими окуучуга бир нече жолу кол көтөргөн видео тарады. Блогер Эламан Карымшаков жарыялаган видеодон мугалим суроого жооп бере албай калган окуучуну урганын көрүүгө болот.
Вице-мэр Виктория Мозгачева бул окуя боюнча иш жүргүзүп жатышканын айтты. Ал эми Свердлов РИИБи ишти териштирип жатканын маалымдады.
Окуяны агартуу министри өз көзөмөлүнө алды. Ведомство өлкө боюнча мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Мындан тышкары, мектеп психологдору мындай учурларды алдын алуу максатында тренингдерди өткөрүшөт.