Кесиптик этика бузулган. Сабак учурунда окуучуну урган мугалим иштен алынды

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкектин №87 орто мектебинде сабак учурунда окуучуну урган мугалим иштен алынды. Бул тууралуу мэриядын билдиришти.
Маалыматка караганда окуя боюнча атайын комиссия иштеп, алар педагогикалык кесиптик этиканын нормалары бузулган деген тыянакка келишкен.
"Аныкталган мыйзам бузуулар жашы жете элек окуучунун укуктарына шек келтирген. Мындай көрүнүштөргө жол берилбейт. Жыйынтыгында мектеп директоруна карата тартиптик жаза колдонулуп, мугалим иштен алынды", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, окуя тууралуу видео бүгүн социалдык тармактарда тараган. Кийин Свердлов РИИБи ишти териштирип жатканын маалымдаган. Мугалимдин кечирим сураган видеосу да чыккан болчу.
Психолог балдар арасындагы буллинг менен уруштун айырмасын түшүндүрүп берди