БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги жакын арада Иранга барууну пландаган кыргыз жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөгө барбай турууну сунуштады.
Ведомство ушу тапта өлкө аймагында жүргөн же чыгып кете турган кыргызстандыктарга кайрылып, азыркы учурда Иранга болгон эл аралык аба каттамдар кыскарган же убактылуу токтогонун белгиледи. Ошондой эле учуу графигинде тез-тез өзгөрүүлөр болуп жатканын, эгер аба транспорту менен чыгып кетүү мүмкүн болбой калса, коңшу мамлекеттердин аймагы аркылуу чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти.
16-январга карата Ирандан Афганстан жана Ирак менен болгон чек арасындагы өткөрмө пунктулар ачык. Бирок аталган өлкөлөргө кирүүдөн мурун алардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө алдын ала виза алуу үчүн арыз берүү зарыл. Ирандын Пакистан жана Азербайжан менен болгон кургактагы чек арасы жабык.
Ошол эле учурда министрлик чыгуу үчүн альтернативдүү маршруттарды кароону да сунуштаган.
Буга чейин ТИМ Иранда азыр 20га чукул кыргызстандык жаран бар экендигин маалымдаган болчу.
Байланыш маалыматтары:
КР ТИМинин Консулдук департаменти (24 саат): +996 999 312 002, dks@mfa.gov.kg
Кыргызстандын Ирандагы элчилиги: +98 21 2283 0354; +98 935 250 5229, kgembassy.ir@mfa.gov.kg
Армениядагы ардактуу консул: +374 91 919191
Түркиядагы элчилик: +90 312 491 35 06; +90 545 689 68 00
Түркмөнстандагы элчилик: +993 12 48 22 95; +993 12 48 22 96; +993 65 69 40 59
Афганстандагы элчилик: +93 77 909 9326; +93 77 909 9326; +93 77 654 4504 (WhatsApp)
Азербайжандагы элчилик: +994 993 312 312; +994 12 505 56 74; +994 55 75