Салыштырмалуу жылуу болуп, кар аз түшөт. Февралга карата аба ырайынын божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Синоптиктер февраль айында аба ырайы кандай боло тургандыгы боюнча алдын ала маалыматтарды берди.
Февраль айында көпчүлүк аймактарда абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болот. Жаан-чачын ай ичинде нормадан аз жаайт дешти.
Чүй облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градуска жогорулап, жалпысынан 0…2 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -1…-3 градус суук болушу ыктымал.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн -5…-10 жана 0…5 градус;
күндүз -2…3, 8…13 градус;
кээ бир мезгилдерде күндүз 15…20 градуска жогорулашы мүмкүн.
Кемин өрөөнү жана тоо этектери:
түнкүсүн -8…-13 жана -3…2 градус;
күндүз 0…-5 жана 5…10 градус;
кээ бир күндөрү күндүз 12…17 градуска чыгат.
Жаан-чачындын көрсөткүчү нормадан төмөн (Чүй өрөөнүндө 32-37 мм, тоо этектеринде 18-29 мм).
Талас дубаны
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градуска көтөрүлүп, -1…1 градус болушу мүмкүн.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн -7…-12 жана -2…3 градус;
күндүз -3…2 жана 7…12 градус;
кээ бир убактарда күндүз 15…20га көтөрүлөт.
Жаан-чачын нормадан төмөн (21-23 мм) болот.
Ош облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градуска жогорулап, 1…3, тоо этектеринде -1…1 градус болушу ыктымал.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн -4…-9 жана 1…6 градус;
күндүз 0…5, 10…15 градус;
кээ бир мезгилдери күндүз 16…21 градуска чыгат.
Тоо этектериндеги райондор:
түнкүсүн -7…-12 жана -2…3 градус;
күндүз -2…3 градус;
кээ бир учурларда күндүз 14…19 градуска жетет.
Жаан-чачындын көрсөткүчү өрөөндөрдө 43-69 мм, тоо этектеринде 33-39 мм.
Жалал-Абад аймагы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градуска көтөрүлүп, 1…3 градус, тоо этектеринде -1…1 градус болот.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн -4…-9 жана 1…6 градус;
күндүз 0…5, 10…15 градус;
кээ бир учурларда күндүз 16…21 градуска жетет.
Тоо этектериндеги райондор:
түнкүсүн -7…-12 жана -2…3 градус;
күндүз -2…3 градус;
кээ бир мезгилдери күндүз 14…19 градус болот.
Токтогул районунда:
түнкүсүн -5…-10 жана -3…2 градус;
күндүз -3…2, 4…9 градус.
Жаан-чачын өрөөндөрдө 56-58 мм, тоо этектеринде 59-97 мм, Токтогул районунда 31-33 мм болуп түшөт.
Баткен дубаны
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градуска өйдөлөп, 1…3 градус, тоо этектеринде -1…1 градус болушу мүмкүн.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн -4…-9 жана 1…6 градус;
күндүз 0…5, 10…15 градус;
кээ бир күндөрү 16…21 градус.
Тоо этектериндеги райондор:
түнкүсүн: -7…-12 жана -2…3 градус;
күндүз: -2…3 градус;
кээ бир мезгилдери күндүз абанын табы 14…19 градуска чыгат.
Жаан-чачын өрөөндөрдө 17-19 мм, тоо этектериндеги райондордо 41-43 мм болот.
Ысык-Көл өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, 0…-2, чыгышында -2…-4 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн -7…-12 жана 0…-5 градус
күндүз -4…1, 3…8 градуска чыгат.
Жаан-чачын — нормадан төмөн (3-14 мм, чыгышында 20-22 мм).
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градуска жогорулайт. Анткен менен -8…-10, Кочкор районунда -2…-4 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы:
түнкүсүн -13…-18 жана -2…-7 градус, айрым түндөрү -21…-26 градус;
күндүз -5…-10, 0…5 градус болот.
Кочкор районунда:
түнкүсүн -13…-18 жана -2…-7 градус, айрым түндөрү -3…2 градус;
күндүз -3…2, 5…10 градус болот.
Жаан-чачын башка аймактардай эле нормадан аз (2-14 мм) түшөт.
Аяздуу Теңир-Тоонун артынан эле суук чыкылдап турган аймактарды өзүнчө бермекчибиз.
Алай өрөөнү
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -14…-19 жана -5…-10, кээ бир түндөрү абанын температурасы -20…-25 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Күндүз -11…-16, -1…-6 градустун тегерегинде болот. Жаан-чачын аз түшөт.
Чаткал өрөөнү
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -11…-16 жана -2…-7 градус, кээ бир түндөрү -17…-22ге чейин түшүшү мүмкүн. Ал эми күндүз -1…-6 жана 3…8 болушу ыктымал. Жаан-чачын аз болот.
Суусамыр өрөөнү
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -17…-22 жана -7…-12 градус, кээ бир түндөрү абанын температурасы -27…-32 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -6…-11 жана -2 градустан +3 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачын бул жерде да салыштырмалуу аз боло турганын айтышты.
Кар жаап, күн кескин сууктайт. Бир аптага карата аба ырайынын божомолу