БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети 14-январда чакан жана орто бизнеске, анын ичинде тигүүчүлөргө жеңилдетилген насыяларды берүү программасын кабыл алды. Бул тууралуу экономика министри Бакыт Сыдыков парламентте билдирди.
Анын айтымында, насыялык портфелдин көлөмү 3-3,6 миллиард сомду түзөт, анын 300 миллион сому субсидиялоого багытталат.
"Ишкерлер 6 пайыз менен беш жылга чейин жеңилдетилген насыя ала алышат. Тигүүчүлөр үчүн жеңилдетилген мөөнөт дагы жарым жылга узартылат. Алар мурда алган насыяларын кайра каржылоого, башкача айтканда, эски насыяларын ушул сунушталган насыяга алмаштырууга да мүмкүнчүлүк алышат", — деп түшүндүрдү министр парламентте.
Эскерте кетсек, 2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль тармагындагы бардык субъектилер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдиктүү ставкалары орточо айлык акынын 12-40 пайызы өлчөмүндө белгиленди. Ал эми киреше салыгынын минималдуу ставкасы бир пайызды түзгөн.