Бишкекте Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 83 жылдыгы белгиленди. Иш-чара Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында болуп, анын алкагында митинг уюштурулду. Катышуучулар ленинградчылардын эстелигине гүл коюшту.
Мурда дайынсыз жоголгон деп эсептелип келген 12 кыргызстандык жоокердин үй-бүлөсүнө алардын тагдыры тууралуу маалымат камтылган документтер тапшырылды. Архивдик материалдар "Ысымды Кыргызстанга кайтаруу" долбоорунун алкагында өткөрүп берилди.
Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, блокадачылар, жоокерлердин үй-бүлөлөрү, окуучулар жана студенттер катышты.
Элчи 872 күнгө созулган блокада жарандар үчүн эң оор сыноо болгонун, ачарчылык, суук аба ырайы, тынымсыз бомбалоолор жана артиллериялык аткылоолор жүз миңдеген адамдын өмүрүн алганын айтты.
"Биз Ленинградды коргогон жоокерлердин кайратына жана фашизмге каршы салгылашкан Кызыл армиянын эрдигине таазим этебиз. Ошондой эле тынч келечек үчүн өмүрүн берген Ленинграддын тургундарынын жана бардык совет элинин кайраттуулугуна, майтарылбас эркине башыбызды иебиз", — деди ал.
Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугунун жетекчиси "Ысымды Кыргызстанга кайтаруу" долбоору өткөн мезгил менен учур чактын ортосундагы көпүрө экенин белгиледи.
"2019-жылдан бери Кыргызстандын Коргоо министрлиги жана Дайыр Асанов атындагы окуу жайдын курсанттары менен бирге согуш талаасынан кайтпай калгандарды издеп келебиз. Тагдыры белгисиз болгон 2 400 кыргызстандыктын ысымын аныктадык. Бүгүн адилеттик орноп 12 үй-бүлөгө жоокерлер тууралуу документтерди тапшырдык. Бул биз үчүн чоң сыйлык", — деди Кутанов.
Иш-чараны Кыргызстандын Коргоо министрлигинин, Россия элчилигинин, Бишкектеги "Русский домдун" жана шаардык мэриянын колдоосу менен Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому уюштурду.
Эртең, 17-январда, Бишкектеги Ыйык-Воскресенск кафедралдык соборунда блокададагы Ленинграддын курмандыгы болгон коргоочулары менен тургундарына, ошондой эле тынч мезгилде дүйнөдөн кайткан Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун мүчөлөрүнө багышталган эскерүү зыйнаты өткөрүлөт.