АКШ КМШнын тогуз өлкөсү үчүн иммиграциялык визаларды токтотот

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. АКШнын иммиграциялык визаларды берүүнү убактылуу токтотуу чечими КМШга кирген тогуз өлкөгө тиешелүү болот. Бул тууралуу РИА Новости ачык булактардагы маалыматтарды талдап чыгып кабарлады.
Маалыматка ылайык, буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти арыз ээлерине карата көзөмөлдү күчөтүүнүн алкагында 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларды берүүнү токтото турганын билдирген. Чечим 21-январдан тартып күчүнө кирип, белгисиз мөөнөткө чейин колдонулат.
Жаңы визалык чектөөлөр киргизилген өлкөлөрдүн катарына Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия жана Өзбекстан кирет.
Ошол эле учурда ушуга окшош чектөөлөр 1-январдан тартып Түркмөнстанга карата да күчүнө киргени белгиленди.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен АКШ визалык чектөөлөрдү Тажикстан менен Украинага гана киргизген жок.
"Айлык 40 миң доллар эмес". Кулубаев АКШнын визага койгон күрөөсү боюнча айтты