Бишкектин бир бөлүгүндө суу токтойт. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. 20-январда Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү чоң аймакта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.
Түтүктөрдү оңдоо жана орнотуу, ошондой эле Рысмендиев көчөсүнөн суу өткөргүчтү көчүрүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 9:00дөн 14:00гө чейин суу берүү үзгүлтүккө учурайт.
Суу №3, 4, 5, 7, 8, 9 жана 10-кичи райондордо, Чыңгыз Айтматов проспектинде, ошондой эле Абдрахманов, Бакаев, Масалиев, Токтоналиев, Ахунбаев, Байтик баатыр жана Семетей көчөлөрүндө болбойт.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты жана мекемелерди алдын ала суу камдап алууга чакырат.
Минкаб Токтогул суу сактагычында канча суу калганын кабарлады