17-январга карата аба ырайы

17-январда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ишембиде республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Көпчүлүк жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас, Чүй облустарында -1…-6, Ысык-Көл чөлкөмүндө -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -2…+3, Нарын өрөөнүндө -6…-11 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -3…-5, Ош шаарында 1…3 градусту түзөт.
Салыштырмалуу жылуу болуп, кар аз түшөт. Февралга карата аба ырайынын божомолу