Ушул жылдын 18–24-январь күндөрү Бишкекте хоккей боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты U20 (IIHF Division III-B) өтөт. Турнирдин беттештери “Бишкек Арена” көп функциялуу аренасында болот. Мелдешке Кыргызстандын, Мексиканын, Люксембургдун, Түштүк Африканын, Ирандын жана Гонконг (Кытай) жаштар курама командалары катышат. Ири мелдешке даярдык, чемпиондук үчүн күрөш тууралуу Кыргызстандын хоккей боюнча федерациясынын биринчи вице-президенти Элзар Болотбеков айтып берди.