Жапайы жандыктарды сактоо багытында Каракол шаарындагы зоопарк илимий изилдөөлөргө өзгөчө көңүл буруп, сейрек кездешүүчү түрлөрдүн популяциясын көбөйтүү жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп келет. Зоопарктын адистери жаныбарлардын жашоо шарттарын жакшыртуу, биологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана көбөйтүү программаларын ишке ашыруу менен катар экологиялык агартуу иштерин да активдүү жүргүзүүдө. Бул аракеттер жапайы табиятты коргоого, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана коомчулуктун жаратылышка болгон жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Бул тууралуу «Бугу Эне» коомдук фондунун президенти, Караколдогу зоопарктын жетекчиси Салтанат Сеитова айтып берди.