Айыл чарбасында топуракты туура даярдоо келерки түшүмдүн негизин түзөт. Айрыкча кыш мезгилинде топурактын тоңушу жана анын жазгы айдоо иштерине тийгизген таасири дыйкандар үчүн маанилүү маселе бойдон калууда. Ушул багытта топурактын күзгү тоңдуруу процесси, жазгы айдап себүү иштерине даярдык жана агротехникалык ыкмалар тууралуу кенен маалымат алуу максатында студиябызга Айыл чарба министрлигинин өкүлү — Турат Идирисов, Өсүмдүктөрдү өстүрүү жана бакчачылык бөлүмүнүн чечимдерди ишке ашыруу боюнча жетекчиси келип, суроолорубузга жооп берди.Маекте топурактын тоңушунун пайдасы, климаттык шарттардын таасири, жазгы талаа иштерин туура пландоо жана фермерлер үчүн практикалык сунуштар тууралуу сөз болот.