Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
ЖК депутаттары Улукбек Карыбек уулу менен Дастан Бекешев кымыз же бозо ичип рулга отургандарга айып салынбашы керек деп эсептейт. Бүгүн парламентте жол кыймылынын коопсуздугу боюнча айрым мыйзамдарды өзгөртүү маселеси каралды. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мас айдоочуларга жаза чегерүүдө кымыз жана бозо спирт ичимдиги менен бирдей каралып калууда. Буга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жооп берди."Бул абдан чоң маселе. Кымыз менен бозо кээде сырадан да күчтүү болуп, градусу көп болуп калат. Муну шашпай карашыбыз керек", — деди Урмамбетов.Ал алкотест ар бир суусундукту өзүнчө аныктап бербей турганын айтып, айдоочу ичип-ичпегенин эле көрсөтөрүн белгилеген.
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 1–1,5 сомго арзандады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов билдирди.Анын айтымында, декабрдын аягында Россиянын мунай иштетүүчү заводдору калдыктарды сатып түгөтүү максатында дүң бааны төмөндөтүшкөн.Ошондой эле Эшатов жакынкы күндөрү өндүрүүчүлөр жаңы баа көрсөткүчтөрүн жарыялайт. Мындан улам күйүүчү майдын мындан аркы баасы кандай өзгөрөрүн алдын ала болжолдоо мүмкүн эместигин белгиледи.
17 адам ууланган "Даамдуу" тез тамактануучу жайы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Республикалык инфекциялык ооруканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган тамактануучу жайга текшерүү жүргүзүлүп, шаурманын курамындагы азыктар, ашкана шаймандары, ошондой эле даяр тамактын калдыктарынан лабораториялык изилдөөлөр үчүн анализ алынган. Кафенин кызматкерлери ичеги-карын инфекцияларын алып жүрүүчүлүккө текшерилген.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, тамактануучу жайдын ээсине 41 миң сом айып салынып, иши токтотулган. Эскерте кетсек, 15-январда Бишкектеги "Даамдуу" тез тамактануучу жайында 17 адам шаурмага ууланып ооруканага жаткырылган. Алардын төртөө — балдар. Эпидемиологиялык иликтөө улантылууда. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары алынганда кошумча маалымат берилет.
АКШнын иммиграциялык визаларды берүүнү убактылуу токтотуу чечими КМШга кирген тогуз өлкөгө тиешелүү болот. Бул тууралуу РИА Новости ачык булактардагы маалыматтарды талдап чыгып кабарлады.Маалыматка ылайык, буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти арыз ээлерине карата көзөмөлдү күчөтүүнүн алкагында 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларды берүүнү токтото турганын билдирген. Чечим 21-январдан тартып күчүнө кирип, белгисиз мөөнөткө чейин колдонулат.Жаңы визалык чектөөлөр киргизилген өлкөлөрдүн катарына Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия жана Өзбекстан кирет.Ошол эле учурда ушуга окшош чектөөлөр 1-январдан тартып Түркмөнстанга карата да күчүнө киргени белгиленди.КМШ өлкөлөрүнүн ичинен АКШ визалык чектөөлөрдү Тажикстан менен Украинага гана киргизген жок.