Азыркы дүйнөлүк геосаясат курч өзгөрүүлөрдүн жана туруксуздуктун мезгилине кирди. Эл аралык укуктун алсыроосу, ири державалардын таасир үчүн атаандаштыгы жана аймактык кызыкчылыктардын кагылышы глобалдык тартипке олуттуу сыноо жаратууда. АКШнын Венесуэла саясаты, Гренландия айланасындагы геостратегиялык талкуулар, Ирандагы ички кризис жана нааразылык акциялары бүгүн дүйнөлүк саясаттын негизги күн тартибин түзүп, күч фактору менен дипломатиянын ортосундагы тең салмакты кайрадан талашка салууда.