2025-жылы Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көптөгөн жолугушуулар жана иш-чаралар өткөрүлүп, ошондой эле өлкөнүн 28 эл аралык туристтик көргөзмөгө катышуусуна жана Малайзия, Австрия, Беларусь, Россия, Монголия, Германия жана Япониядан келген туроператорлор үчүн инфотурларды уюштурууга көмөк көрсөтүлдү. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйында билдиргендей, туристтик күн тартибинин алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалын жайылтууга багытталган жалпысынан 56 жолугушуу жана иш-чара өткөрүлдү. "2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Россияда эл аралык туристтик номинациянын жеңүүчүсү болуп, Russian Travel басылмасынын кадыр-барктуу туристтик сыйлыгына татыктуу болду", - деди ТИМ башчысы.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү 15-февралга чейин акысыз алмаштырууга жетишпей калгандар үчүн убактысы узартылышы мүмкүндүгүн билдирди. Ошондой эле 16-январдан баштап "Түндүк" порталында айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 формасындагы маалым кат талап кылынбайт. Президенттин иш башкаруучусу бул документти алгач ирет алып жаткандарга эмес, мурдагы күбөлүгүн алмаштырып жаткандарга гана тиешелүү экенин белгиледи. Ошондой эле чет өлкөлөрдө пайдаланууга жараксыз болгондуктан мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу зарылдыгы жаралганын кошумчалады.
Финансы министрлиги 2026-жылдын 19-январында бюджеттик тутумдун бюджеттеринин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктардын депозиттерине (аманатка) жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөрүн билдирди. Аукцион Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында өтөт. Акча каражаттарын жылдык 11 пайыздык чен менен 12 айлык мөөнөткө жайгаштыруу пландалууда. Аукциондун алкагында жалпы суммасы 20 млрд сомдук 21 лотту жайгаштыруу каралган. Анын ичинде көлөмү 100 млн сомдон 900 млн сомго чейинки лоттор, ошондой эле 1 млрд, 1,2 млрд, 1,4 млрд, 1,6 млрд, 1,8 млрд, 2 млрд, 2,5 млрд жана 2,8 млрд сомдук ири пакеттер бар. Бардык лоттор боюнча жайгаштыруу мөөнөтү бирдей — 12 ай, ал эми баштапкы кирешелүүлүк жылдык 11 пайыз деңгээлинде белгиленген.
2025-жылы Бишкек шаарында турак жайдын баасы 26,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде Бишкек жана Ош шаарларында батирлердин жана турак үйлөрдүн орточо баалары өскөн. Ведомствонун маалыматы боюнча, борбор калаада батирдин бир чарчы метринин орточо баасы былтыркы жылга салыштырмалуу кыйла жогорулаган. Эң жогорку өсүш жеке типтеги батирлерде катталган — 21,7 пайыз. Андан кийин: — 105-сериядагы батирлер — 18,9 пайыз — 308-серия — 17,7 пайыз — 104-серия — 17,4 пайыз Ош шаарында: — 104-сериядагы батирлер 26,9 пайызга, — 105-серия — 24,4 пайызга, — жеке батирлер — 11,6 пайызга кымбаттаган. Бишкекте турак үйлөрдүн бир чарчы метринин орточо баасы 26,8 пайызга өскөн.